Кайра өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларына
добуш берүүчүлөрдүн бюллетендери 3-июлга чейин жөнөтүлөт. БШКнын
мааалыматына ылайык, текст 28-июнга чейин бекитилет жана 9-июлга чейин
бюллетендер участкаларга жеткирилет. БШКдан эскертишкендей, партия жарышка
катышуудан же каттоодон тизме даярдалганга чейин баш тартса, күрөө акысы кайтарылбайт.
Белгилеп кетсек, 11-июлда өтө турган шайлоого карата 3 шаардан 33 партия ат салышат.
Учурда агитация жүрүп жатат, ал 10-июлга чейин созулат.