Россиядан Түркияга аба жолдору ачылды.
Эми Россиялык туристтер Түркияга барып эс алса болот.
Москвадан Анталияга алгачкы каттам менен 12 миң жаран учуп келди.
Эске салсак, Россия 12-апрелде COVIDге байланыштуу Түркияга туруктуу жана
чартердик учууларды токтоткон. Анын ортосунда учурда Түркияда кырдаал
турукташууда, анын 1 миллион калкы вакцина алды. Ал эми Россияда тескерисинче
абал курчуп турат. Күнүнө 8 миңден ашык бейтап вируска кабылып жатат.