Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алууга 318 миллион сом бөлдү.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы күндөрү
азык-түлүк кескин кымбаттап жатат. Былтыр декабрга салыштырмалуу өлкөдө
тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы дээрлик 7 пайызга өстү.
Картошка 34, кумшекерд 20,5, өсүмдүк майы 19, кой эти 14, тоок жумурткасы 13,
жер-жемиштер 12, балык 5 жана нан 3 пайызга жакын кымбаттады. Андан тышкары,
өлкөдө жашылча-жемиш дагы кескин кымбаттады. 20-30 сомдон
сатылып жаткан сабиздин баасы, 120 сомго чейин жогорулады.