Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1 миллиондон ашык дозасы ушул жуманын аягына чейин жеткирилет

Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1 миллиондон ашык дозасы ушул жуманын аягына чейин жеткирилет.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.   Анын айтымында, 1 миллион 100 миң доза препаратты сатып алууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн, ал эми дагы 150 миң дозаны Кытай… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 781 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 781 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 358, Ошто 167, Чүйдө 99, Таласта 8, Нарында 27, Ысык-Көлдө 29, Жалал-Абадда 62, баткенде 31 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 14 миң 756 адам коронавирусту жеңди.

Бүгүн Европа чемпионатынын экинчи жарым финалдык беттеши өтөт

Бүгүн Европа чемпионатынын экинчи жарым финалдык беттеши өтөт. Лондондун “Уэмбли” стадионунда Англия – Дания курамалары кез келет. Англия жарым финалга Украинаны 4:0 эсебинде жеңип чыкса, Дания Чехияны жеңип чыккан.   Оюн Бишкек убактысы боюнча саат түнкү саат 1де башталат. Жеңишке жеткен курама финалда Италия менен… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн “Руль башкаруу” рейди өтөт

Бишкекте бүгүн “Руль башкаруу” рейди өтөт. Кайгуул милициянын инспекторлору шаардын ашыра жүктөлгөн көчөлөрүндө текшерүү жүргүзүүдө. Рейд кур тагынбаган жана рулду башкарып бара жатканда телефон менен сүйлөшкөн айдоочуларды аныктоого багытталат.   Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлөт.

12-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру старт алат

12-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру старт алат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал 17-июлга чейин созулат.   Жалпысынан кабыл алуу процедурасы 3 этапка бөлүнгөн. Экинчиси 19унан 23-июлга чейин, үчүнчүсү 26сынан 31-июлга чейин өтөт. Кабыл алуу “Абитуриент онлайн” сайты аркылуу жүргүзүлөт.  … Кененирээк…

Кыргызстанда учурга карата эмдөөдөн 200 миңден ашык адам өттү

Кыргызстанда учурга карата эмдөөдөн 200 миңден ашык адам өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.   Анын айтымында, 125 миң 331 адам вакцинанын биринчи дозасын алды, ал эми экинчи доза 82 миңден ашык жаранга жасалды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда учурда россиялык “Спутник… Кененирээк…

Быйыл каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталды

Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталганын кабарлады. Ага ылайык, мындай көрүнүштөрдүн басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 880ден ашыгы Ысык-Көлдө орун алган. Ушул учурда жалпы 875 иш сотко жөнөтүлгөн.   ИИМ жарандарды оңой акча табуунун айынан шылуундарга алданып калбоого чакырган.… Кененирээк…

Украинада сулуулук сынагы быйыл өткөрүлбөй калышы мүмкүн

Украинада сулуулук сынагы быйыл өткөрүлбөй калышы мүмкүн. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, уюштуруучулар талапкерлерди таба албай убара. Анткени, жаңы эрежелерге ылайык, сынакка татуаж, татуировка, жасалма кирпик, чач жана чоңойтулган эриндер менен кыздар катыша албайт.   А мындай табигый сулуулар дээрлик жокко эсе болуп жатат.   Андыктан, уюштуруучулар… Кененирээк…

Ысык-Көлдө  экологиялык таза шаар курулат

Ысык-Көлдө  экологиялык таза шаар курулат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.   Авторлордун концепциясы боюнча 4 миң гектарды ээлеген, Асман аталышындагы шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болот.   Анда алдыңкы билим берүү системасы, ден-соолукту чыңдоочу комплекстер, стадиондор, бизнес-борборлор курулат. Долбоор 7-10 жылдын аралыгында ишке ашырылат… Кененирээк…

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо сентябрга чейин жыйынтыкталат

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо сентябрга чейин жыйынтыкталат.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.   Анын айтымында, учурга карата Сокулук айылына тиешелүү тилкеде  1,5 чакырым трассаны оңдоо эле калды. Андан кийин коммуникациялар өткөрүлүп баштайт.   Белгилеп кетсем, Бишкек… Кененирээк…