Бишкекте бүгүн “Руль башкаруу” рейди өтөт

Бишкекте бүгүн “Руль башкаруу” рейди өтөт. Кайгуул милициянын инспекторлору шаардын ашыра жүктөлгөн көчөлөрүндө текшерүү жүргүзүүдө. Рейд кур тагынбаган жана рулду башкарып бара жатканда телефон менен сүйлөшкөн айдоочуларды аныктоого багытталат.

 

Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлөт.