Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо сентябрга чейин жыйынтыкталат

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун оңдоо сентябрга чейин жыйынтыкталат.

 

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата Сокулук айылына тиешелүү тилкеде  1,5 чакырым трассаны оңдоо эле калды. Андан кийин коммуникациялар өткөрүлүп баштайт.

 

Белгилеп кетсем, Бишкек – Кара-Балта унаа жолу Бишкек – Ош стратегиялык трассасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Анда кайра калыбына келтирүү иштери 4 жылдан бери жүрүүдө. Жолдун жалпы узундугу 45 чакырымды түзөт.