Кыргызстанда дагы 781 адам коронавирустан айыкты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 358, Ошто 167, Чүйдө 99, Таласта 8, Нарында 27, Ысык-Көлдө 29, Жалал-Абадда 62, баткенде 31 бейтап ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 14 миң 756 адам коронавирусту жеңди.