Украинада сулуулук сынагы быйыл өткөрүлбөй калышы мүмкүн

Украинада сулуулук сынагы быйыл өткөрүлбөй калышы мүмкүн. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, уюштуруучулар талапкерлерди таба албай убара. Анткени, жаңы эрежелерге ылайык, сынакка татуаж, татуировка, жасалма кирпик, чач жана чоңойтулган эриндер менен кыздар катыша албайт.

 

А мындай табигый сулуулар дээрлик жокко эсе болуп жатат.

 

Андыктан, уюштуруучулар Украинанын бардык аймактарында кастингдерди өткөрүүдө.