Кыргызстанда учурга карата эмдөөдөн 200 миңден ашык адам өттү

Кыргызстанда учурга карата эмдөөдөн 200 миңден ашык адам өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

 

Анын айтымында, 125 миң 331 адам вакцинанын биринчи дозасын алды, ал эми экинчи доза 82 миңден ашык жаранга жасалды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда учурда россиялык “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. Аны жаш курагына карабай, бардык калоочулар бейтапканалардан жана эмдөө түйүндөрүнө ала алат.

 

Ал эми “Синофарм” кытайлык вакцинасы жакынкы арада өлкөгө жеткирилет.