Түп районунда жаңы спорт зал колдонууга берилди
Түп районунда жаңы спорт зал колдонууга берилди. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, объект Талды-Суу айылында жайгашат. Анын жалпы аянты 360 чарчы метр. Бул жерде машыктыруучулардын иш бөлмөсү, жуунучу жайлар жана башка зарыл бөлмөлөр бар. Долбоорду ишке ашырууга 13 миллион сом бөлүнгөн.