Грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын капитаны болуп дайындалды. Президент ага өлкөнүн желегин тапшырат.
Салтанаттуу аземи улуттук стадиондо 23-июлда өтөт.
Кошумчаласак, Атабек Азисбеков турнирде 87 килограмм салмак категориясында килемге чыгат. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда Олимпиада оюндарына 18 жолдомо бар.