Майыптыгы үчүн жөлөк пул алгандар көбөйүүдө

2021-жылдын 1-январына карата майыптыгы үчүн пенсия жана жөлөк пул алган адамдардын саны 198 миңден ашты.

Бул беш жыл мурдагыга салыштырганда 10,5 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинин 7-июлда кабарлаганы боюнча, алардын ичинен 165 миңинин жашы 18ден жогорулар. Көрсөткүч 2016-жылга караганда 10,4 пайызга өстү.

18ге жашка чейинки майыптыгы үчүн жөлөк пул алган балдардын саны 32 миңден ашуун. 2016-жылдан бери мындай балдардын саны 11,3 пайызга көбөйдү.

Майыптыгы үчүн пенсия же жөлөк пул алган адамдардын 53% эркектер. Алар 2016-жылга салыштырмалуу 9,6% көбөйсө, майыптыгы бар аялдардын саны акыркы беш жылда 11,6% өскөн.

Акыркы төрт жыл ичинде 11 миңден ашуун 18 жаштан жогорку курактагы адамдарга майыптык макамы берилген. Алардын 23% кан айлануу, 13 пайызы рак оорулары, травма, уулануу болсо, башка себептер менен 11% адам майыптык макамын алышкан.