Кыргызстанда сууга түшүү сезону кызып турат

Кыргызстанда сууга түшүү сезону кызып турат.

 

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суудагы эрежелерди эскертет. Куткаруучулардын айтымында, атайын белгиленбеген жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынат.

 

Пляжда спирт ичимдиктерин ичип, сууга мас абалында түшүүгө болбойт.  Башкысы, балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбагыла, — дешет куткаруучулар.