Шайлоолордун алдында Ош шаарынын милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Шайлоолордун алдында Ош шаарынын милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү.

 

Түштүк калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шаарда коомдук коопсуздукту 800 тартип сакчы камсыздоодо.

 

Добуш берүү күнү дагы 10 ыкчам топ ишке тартылат. Бүгүн 300 милиция кызматкери шайлоо тилкелерине барып, бюллетендерди алып кирүү процессин көзөмөлдөйт. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоо ушул жекшемби, 11-июлда өтөт.