Коронавирустан вакцина алуу үчүн онлайн кезекке туруу кызматы жакында аймактарда дагы жеткиликтүү болот

Коронавирустан вакцина алуу үчүн онлайн кезекке туруу кызматы жакында аймактарда дагы жеткиликтүү болот.   Учурда система кадимки режимде иштеп жатат. Улуу муундагы жарандар үчүн онлайн каттоого турууга жардам бере турган ыктыярчылар окутуудан өтүүдө.   Эске салсак, онлайн-кезек сервиси учурда жумушчу долбоордун алкагында Бишкектин эле бейтапканаларында… Кененирээк…

Оштогу завод жүк ташуучу автоунааларды чогултуп, лифт чыгара баштады

Ош шаарындагы заводдо жүк ташуучу автокөлүктөр чогултулуп, лифт чыгарыла баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов заводдогу жумуш менен таанышып, жумушчулар менен пикир алышкан. Завод Кыргызстанда алгачкы жолу жүк ташуучу автоунааларды чогултуп баштаган. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өндүрүш процесстери… Кененирээк…

Серхио Рамос Франциянын ПСЖ клубуна өттү

Серхио Рамос Франциянын ПСЖ клубуна өттү. Футболчунун клуб менен келишими 2023-жылга чейин эсептелген. Коргоочу жаңы командага эркин агент укугунда өттү.   Эске салсак, Рамос “Реал Мадридден” келишими соңуна чыккандыктан кетти. Бул клуб үчүн ал 2005-жылдан бери ойноп келген.

Ордо калаанын Васильев көчөсүндө оңдоо иштери кийинки жумада аяктайт

Ордо калаанын Васильев көчөсүндө оңдоо иштери кийинки жумада аяктайт.   Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, иштер графикке ылайык жүрүп жатат. Анда асфальттын эки катмары төшөлүп, бордюрлар орнотулду.   Учурда тротуарларды калыбына келтирүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата Бишкекте 30дан ашык көчө ондолууда.

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, түн тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, түн тынч өттү.   Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан 24 агенттигине билдиришти. Андан такташкандай, жергиликтүү тургундар үйлөрүндө, эвакуацияланган жок.   Эске салсак, кечээ кечки саат 5терде кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда атышуу болду. Учурда окуянын чоо-жайы… Кененирээк…

Британиялыктар Германиянын футбол боюнча курамасынын ыйлап жаткан кичинекей күйөрманына 50 миң доллар чогултуп беришти

Британиялыктар Германиянын футбол боюнча курамасынын ыйлап жаткан кичинекей күйөрманына 50 миң доллар чогултуп беришти. Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүндө Германия англиялыктарга 2:0 эсебинде утулуп калган.   Оюндун аягында бетине Германиянын желектери тартылган кичинекей ыйлап жаткан кыз чоң экрандан көрсөтүлгөн.   Ага жүрөгү ооруган британиялык күйөрмандар каражат… Кененирээк…

Кыргызстанда президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши түзүлдү

Кыргызстанда президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши түзүлдү.   Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду, — дешти өлкө башчынын маалымат кызматынан. Кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу кызматташууну камсыздоо.   Ошондой эле бизнести… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Саманчин, Манасчы көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Ак-Босого конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.