Ордо калаанын Васильев көчөсүндө оңдоо иштери кийинки жумада аяктайт

Ордо калаанын Васильев көчөсүндө оңдоо иштери кийинки жумада аяктайт.

 

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, иштер графикке ылайык жүрүп жатат. Анда асфальттын эки катмары төшөлүп, бордюрлар орнотулду.

 

Учурда тротуарларды калыбына келтирүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата Бишкекте 30дан ашык көчө ондолууда.