Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Саманчин, Манасчы көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Ак-Босого конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.