Оштогу завод жүк ташуучу автоунааларды чогултуп, лифт чыгара баштады

Ош шаарындагы заводдо жүк ташуучу автокөлүктөр чогултулуп, лифт чыгарыла баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов заводдогу жумуш менен таанышып, жумушчулар менен пикир алышкан.

Завод Кыргызстанда алгачкы жолу жүк ташуучу автоунааларды чогултуп баштаган. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өндүрүш процесстери немец технологиялары менен жүргүзүлөт. Учурда Түркия жана Россиядан келген адистер да эмгектенип жатат.

 

«2020-жылдын ортосунан тарта заводдо электрогенератор, электрокалканыч, лифт, темир эшиктер чыгарыла баштады. Жакын арада заводдо электромобилдерди чогултуп баштоо пландалууда. Бул ишкана бюджетти толтуруу үчүн гана эмес, жумуш орундарын түзүү максатында да ачылган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жайда бул тапта 300дөн ашык адам эмгектенип жатканы кабарланды.