Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, түн тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, түн тынч өттү.

 

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан 24 агенттигине билдиришти. Андан такташкандай, жергиликтүү тургундар үйлөрүндө, эвакуацияланган жок.

 

Эске салсак, кечээ кечки саат 5терде кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда атышуу болду. Учурда окуянын чоо-жайы жана жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.