Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында алгачкы беттешин
8:0 эсебинде жыйынтыктады. Муну менен Тыныбекова чейрек финалга чыкты. Бүгүн өткөн
таймашта Тыныбекова латвиялык спортчу менен кез келди. Эми ал румыниялык спортчу менен күрөшөт.
Белгилеп кетсек, бүгүн ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалга чыгат.
Жыйынтыктоочу оюнда биздин балбан венгриялык спортчу менен кез келет.