Беш-Күнгөй айылынын Проектируемая көчөсүндө дагы деле таза суу жок

Беш-Күнгөй айылынын Проектируемая көчөсүндө дагы деле таза суу жок.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки жумадан бери суусуз күн кечирип жатышат.

Ал эми Аламедин районунун экономика бөлүмүнүн башчысы Канат Орунтаев билдиргендей,

талкаланган түтүк калыбына келтирилип, жумада аталган 15 үйдүн тургундарына таза суу берилген.

Бирок, бүгүн таңда кайрадан жаңы орнотулган суу дарбазасындагы түтүк белгисиз адамдар

тарабынан зыянга учурады. Учурда бейбаштыкка тиешеси бар адамдарды тактоо иштери жүрүүдө.

Эске салсак, жергиликтүү тургундардын арызына караганда, 22-июлда Таш-Мойнок айылдык

кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев тарабынан 15 үйгө суу алып келген түтүктүн бир бөлүгү

кесилген. Андан бери укук коргоо органдары Асаналиевге карата чара көрө элек.