Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык балбандардын
фианалдык кармаштары Ала-Тоо аянтында көрсөтүлөт. Бүгүн саат 3тө
борбордук аянтка экран орнотулат. Андан калаа тургундары жана коноктору
мелдешти туз эфирден көрө алышат. Ал эми балбандар Айсулуу Тыныбекова
жарым финалга саат 3:15те, Акжол Махмудов финалга 4,5да жана
Мээрим Жуманазарова саат 6га 5 мүнөт калганда коло үчүн таймашат.