Кыргызстанда акысыз паспорт берүү кампаниясы уланууда

Кыргызстанда акысыз паспорт берүү кампаниясы уланууда.

Novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей,

бүгүнкү күндө 211 паспорт даярдалды. Мындай документтер жашы

18ге чейинки толук жетимдерге, бардык топтогу майыптарга,

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Баткен

окуясынын катышуучуларына жеткиликтүү. Улуттук кампания

1-майда башталган, ал 31-августка чейин уланат.