Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Олимпиадада коло байге үчүн таймашат.
Көңүл жубатуучу беттеште ал азербайжандык Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.
Биздин балбан кыз эми коло үчүн монголиялык спортчу менен күрөшөт.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 5те башталат.