Ысык-Көл облусунда катталган селден 342 турак жай жабыркады

Ысык-Көл облусунда катталган селден 342 турак жай жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей,

анын ичинен 67 үйдүн ичине сел агындылары толуп, 4 үй авариялык абалга келип,

жашоого жараксыз болуп калды. Калдыктар арыктарга жолдорго толду.

Учурда облуста электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Электр мамычалары калыбына келтирилип, 19 үй электр энергиясына кошулду.

Тазалоо иштерине 27 техника тартылды. Эске салсак, жумада катуу жааган

жандын кесепетинен Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда жана

Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрдү.