Россиянын Коргоо министрлигинин 3 учагы Кабулдан эвакуацияланган жарандар менен Тажикстан жана Кыргызстанда конду

Россиянын Коргоо министрлигинин 3 учагы Кабулдан эвакуацияланган жарандар менен Тажикстан жана Кыргызстанда конду.   Эки борт Кант аэродромуна, үчүнчүсү Тажикстандын Гиссар аэродромуна кондурулду.   Буга чейин айтылгандай, Кабулдан  4  аба кемеси учуп чыккан. Аларда россиялыктар гана эмес, Белоруссия, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина жарандары дагы… Кененирээк…

БШКнын жумушчу тобу облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында бир мандаттуу округдарды түзүү процессин жыйынтыктады

БШКнын жумушчу тобу облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында бир мандаттуу округдарды түзүү процессин жыйынтыктады.   Буга чейин маалымдалгандай, мыйзамга ылайык, 36 округ болот, анын төртү Бишкекте. Чүй облусунда 6, Ысык-Көлдө 3, Нарын, Талас облустарында экиден, Баткенде 3, Ош жана Жалал-Абадда жетиден, Ош шаарында 2. Алардын… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Кеп, башка тиркемелерде мурда эле бар болгон реакция калтыруу функциясы тууралуу болуп жатат.   Мисалы, статус бөлүмүндө чыгарылган сүрөт же видеолорго башка колдонуучулар смайликтер менен реакция калтыра алат.   Иштеп чыгуучулар мындай жол менен баарлашууну жеңилдетүү ниетинде. Учурда опция… Кененирээк…

Бишкек жана Ошто айыл-чарба жарманкелери өтөт

Бишкек жана Ошто айыл-чарба жарманкелери өтөт.   Айыл-чарба министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тургундар алардан азык-түлүктү өндүрүүчүлөрдөн түздөн түз базар баасынан арзаныраак сатып алса болот.   Ордо калаада жарманке Раззаков көчөсүнүн Киев менен кесилишинде орун алса, Оштун жашоочулары үчүн жарманке Ленин көчөсүндө ачылат.

Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү боюнча 3 жылдык программа иштелип чыгат

Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү боюнча 3 жылдык программа иштелип чыгат.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, атайын жумушчу топ түзүлөт, ал аталган программанын долбоорун тартуулап, аны ишке ашыруу боюнча иш-чара планын бекитет.   Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн тышкары, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын көз… Кененирээк…

Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык кодекстеринин жана “Башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө” Кодексинин жаңы долбоорлору президенттин администрациясына келип түштү

Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык кодекстеринин жана “Башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө” Кодексинин жаңы долбоорлору президенттин администрациясына келип түштү.   Бул тууралуу өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Буга чейин белгилүү болгондой, жаңы кылмыш жаза мыйзамы 1-сентябрда күчүнө кирмек. 24 агенттиги эске салгандай, Кылмыш кодексинин жаңы долбоору азыркыдан… Кененирээк…

15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуу кадимки тартип менен башталат

15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуу кадимки тартип менен башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр.   Мугалимдер жана башка кызматкерлерге эмдөө жүрүүдө. Учурга карата 55 пайыздан ашыгына вакцина сайылды.   Планга ылайык, 70 пайыз… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Алыбаев, Ломоносов, Бакаев, Юдахин, Тыныстанов, Элебесов көчөлөрүндө, Ынтымак, Ак-Босого, Арча-Бешик конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ушул жуманын аягында кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат

Ушул жуманын аягында кыргызстандыктарды узак эс алуулар күтүп турат. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 4 күндук дем алыш жарыяланды. 31-август быйыл шейшембиге туура келет.   Ал эми 28и жана 29у календарь боюнча эс алуу күндөрү. 30-август, дүйшөмбүнүн ордуна 10-май иш күнү болгон.

Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында кийген спорт кийимин рекорддук баага сатты

Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында кийген спорт кийимин рекорддук баага сатты. Балбан буга чейин трикосун аукционго коюп, баштапкы баасын 50 доллар деп орноткон.   Аукцион Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунун алкагында ишке ашты. Трико 6,5 миң доллар, же жарым миллион сомго сатылды. Андан тышкары, форумдун катышуучулары Махмудовго… Кененирээк…