Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында кийген спорт кийимин рекорддук баага сатты

Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында кийген спорт кийимин рекорддук баага сатты. Балбан буга чейин трикосун аукционго коюп, баштапкы баасын 50 доллар деп орноткон.

 

Аукцион Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунун алкагында ишке ашты. Трико 6,5 миң доллар, же жарым миллион сомго сатылды. Андан тышкары, форумдун катышуучулары Махмудовго дагы 19 миң доллар чогултуп беришти.

 

Жыйынтыгында 26 миң долларды Акжол Махмудов кайрымдуулукка жумшай турганын жарыялады.