“Үч улуттун кубогунун” алкагында өткөн беттеште Палестина Бангладешти утуп алды

“Үч улуттун кубогунун” алкагында өткөн беттеште Палестина Бангладешти утуп алды.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Эми эртеңки беттеште кыргызстандык футболчулар Бангладештин курамасы менен кез келет.

Оюн кечки саат 5,5да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Эске салсак,

буга чейин аталган кубоктун алкагында биздин футболчулар Палестинаны 1:0 эсебинде уткан.