Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан – Бангладеш беттеши өтөт

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан – Бангладеш беттеши өтөт. Оюндар “Үч улуттун кубогунун” алкагында уюштурулат. Кездешүү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 5,5да башталат. Эске салсак, буга чейинки оюнда Палестина Бангладешти 2:0 эсебинде утуп алса,  кыргызстандык футболчулар Палестинаны 1:0 эсебинде жеңген.

Бишкектеги эки конуш жакшыртылат

Бишкектеги эки конуш жакшыртылат. Мэриядан билдиришкендей, Мурас-Ордо конушунда жабык дренаждык тармак курулат, бул максатта 16 миллион сом багытталат. Андан тышкары, Бакай-Ата конушунда канализация тармагы пайда болот. Буга 34,5 миллион сом жумшалат. Иштерди капиталдык курулуш мамлекеттик администрациясы жүргүзөт. Курулуш иштерине каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.

Таалайбек Өмүралиев коргоо министри кызматынан бошотулду

Таалайбек Өмүралиев коргоо министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Президент администрациясынан такташкандай, Өмүралиев башка кызматка которулганына байланышту ээлеген ордунан кетти. Бирок, коргоо министрлигинин экс-жетекчиси эми кайда иштээри айтылган жок. Өмүралиевдин ордуна Бактыбек Бекболотов коргоо министри болуп дайындалды. Буга чейин Бекболотов Улуттук… Кененирээк…

Кыргызстандагы милиция бөлүмдөрүндө ар дүйшөмбүдө мамлекеттик туу көтөрүү иш-чарасы өтөт

Кыргызстанда ар дүйшөмбүдө ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүндө гимндин коштоосунда мамлекеттик туу көтөрүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мындай демилге жеке курамга патриоттук тарбия берүүгө жана милиционерлердин патриоттук аң-сезимин калыптандаруу максатында ишке ашууда.

Катарда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн курулуп жаткан 6-стадион ачылат

  «Аль-Тумама» стадионунун тышкы көрүнүшү араб элинин салттуу баш кийимин элестетет. Ага 40 миң көрүүчү батат. Бул футбол аренасында Дүйнө чемпиондугунун тайпалык оюндары, плей-оффтук беттештери жана чейрек финалдык оюндары өтөт. Ачылыш азем 22-октябрга белгиленди

Кыргызстанда жүргөн Россия жарандары мамдума депуттарын шайлоого катыша алат

Кыргызстанда жүргөн Россия жарандары мамдума депуттарын шайлоого катыша алат. Шайлоо тилкелери Бишкектеги Россиянын элчилигинде, Ошто – Башкы консулдукта, Кантта — №20022 аскер бөлүгүндө жана Караколдо — №87366 аскер бөлүгүндө ачылат. Добуш берүү 19-сентябрда саат 8ден кечки 8ге чейин өтөт. Шайлоочунун жанында Рассия жарандыгынын паспорту болушу… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштери улануда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштери улануда. Мэриядан билдиришкендей, бул ирет жол курууга тоскоолдук жараткан, өз билемдик менен тургузулган объектилер түрттүрүлүп жатат. Алсак, жумуштар Матросов, Жукеев-Пудовкин, Тимур Фрунзе, Орозбеков, Жайыл Баатыр, Панфилов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүндө жүрүп жатат. Тилкелерде жайгашкан 4 курулуштун дубалы, бастырма жана павильон… Кененирээк…

Кыргызстанда «Чек ара – 2021» аталышындагы аскердик машыгуу башталды

Кыргызстанда «Чек ара – 2021» аталышындагы аскердик машыгуу башталды. Коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев билдиргендей, ага Кыргызстан, Казакстан, Россиянын жана ЖККУнун катчылыгы менен бириккен штабынын аскерлери жана ыкчам топтору катышат. Башкы максат —жамааттык күчтөр жетекчилеринин тажрыбасын жогорулатуу. Ошондой эле аскердик бөлүктөрдүн иштешүү чеберчилигин арттыруу.… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет комплексине кирүү боюнча чектөөлөр кыскартылды

«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет комплексине кирүү боюнча чектөөлөр кыскартылды. мындан ары таңкы саат 7ден түнкү 12ге чейин узатуучулар жана күтүп алуучулар «Манас» аэропортунун имаратына кирсе болот. Бирок түнкү саат 12ден таңкы 7ге чейин аэробекеттин ичине ошол күнгө алынган билети бар гана жүргүнчүлөр кире алышат,… Кененирээк…

Өзгөн шаарында жаңы бейтапкана пайда болот

Өзгөн шаарында жаңы бейтапкана пайда болот. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, имарат үч кабаттуу, медициналык мекеме ишке кигенден кийин ага шаардагы жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, эски имаратта жайгашкан стоматология бөлүмү көчүрүлөт. Бейтапкананы курууга 37 миллион сом багытталды. Ал быйыл ноябрда пайдаланууга берилет