Кыргызстанга Пакистандан 65 чартердик каттам келген

Кыргызстанга соңку учурда Пакистандын үч шаарынан — Исламабад, Лахор жана Сиалкоттон 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев билдирди. Анын айтымында, жүргүнчүлөрдүн баары туристтик виза менен келишкен.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин айтымында, Кыргызстандын консулдук кызматы 1-январдан 1-сентябрга чейин 9917 Пакистандын жаранына виза берген.

«Алар бир айлык туристтик виза алышкан. Мындай виза алганда каттоого турбайт. Чек арада кирди-чыкты деген гана мөөр басылат. Биз ушул маселе боюнча коомчулуктун коопсуздугун карап Пакистан жана Индия жарандарына виза берүүнү токтотконбуз. Ошондон бери бериле элек», — деди министрдин орун басары. Ал виза УКМК карап чыккандан кийин гана бериле турганын кошумчалады.

УКМКнын Чек ара кызматы берген маалыматка караганда, 1-5-сентябрь аралыгында Пакистандын 532 жараны кирсе, 1596 жаран чыгып кеткен.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын окуу жайларында жалпысынан 8067 пакистандык билим алат. Министрдин орун басары Нурбек Абдиев бир ай мөөнөт менен өлкөгө кирип, өз убагында чыгып кетпегендер Пакистанга кайра жөнөтүлөрүн кошумчалады.

 

Соңку убакта социалдык тармактарда кыргызстандыктар Бишкекте «оогандыктарга окшош пакистандыктардын» көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдиришкен. Депутаттар дагы ушул маселеге кызыгып, себептерине кызыгышты.