Казакстан эл аралык чалуу кодун алмаштыруу ниетинде.
Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук
өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, байланыш
операторлорунун эл аралык +7 номурун +997 кодуна өткөрүү
пландалууда. Учурда министрлик жаңы кодго өтүүнүн деталдуу
планын иштеп жатат. План боюнча улуттук код 2023-жылы өзгөртүлөт.
Бирок 2025-жылга чейин эски жана жаңы код тең бирдей жарай берет.