Чүй облусунун Буран айыл өкмөтү көчө жарыгын толук күн энергиясына өткөрөт

Чүй облусунун Буран айыл өкмөтү көчө жарыгын толук күн энергиясына өткөрөт. Айыл өкмөттүн составында 4 айыл бар. Биринчи этапта күн энергиясы менен иштей турган 200 көчө чырагы сатып алынды. Бул максатта 1 миллион сом багытталды. Кийинки жылы дагы 200 чырак сатып алып, орнотуу пландалууда. Бул… Кененирээк…

Бишкектин медициналык мекемелеринин 90 пайызы жылуулукка кошулду

Бишкектин медициналык мекемелеринин 90 пайызы жылуулукка кошулду. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей, 47 оорукананын 42си жылуулук системасына кошулду. Ордо калаадагы медициналык мекемелерди жылуулукка ушул жуманын аягына чейин толук кошуу пландалууда.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүт Кыргызстанды камтыйт

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүт Кыргызстанды камтыйт. Бул тууралу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асель Кененбаева билдирди. Анын айтымында, камералар Бишкек — Каракол, Бишкек — Нарын — Торугарт, Кара-Балта — Жалал-Абад, Жалал-Абад — Өзгөн — Ош, Ош — Сары-Таш — Эркештам, Суусамыр — Талас… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлердин саны 145ке жетти

Жогорку Кеңешти шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлердин саны 145ке жетти. БШКдан эскертишкендей, талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн баштап, добуш берүүгө 45 күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Бул мөөнөт, кийинки шаршембиге туура келет. Белгилеп кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда 54… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Гагарин, Темиров, Буурдинск, Токтоналиев, Элебесов, Витебск, Фере, Шабдан баатыр көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чоң-Арык айылында, Ак-Босого, Арча-Бешик конуштарында жарык жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат уланууда

Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат уланууда. Бүгүн Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм категорияда жарым чейрек финалдан тартып килемге чыгат. Ал белорустук Максим Кажарский менен кез келет. Андан тышкары, 97 килограммдагылар арасында Бексултан Махмудов таймашат. Ал квалификациялык турда даниялык Матияс Бак менен кез келет. Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Шыйрак айылына 30 сантиметр кар жаады

Ысык-Көл облусунун Жети-Өзгүз районунун бийик тоолуу Ак-Шыйрак айылына 30 сантиметрге жеткен кар жаады. Аймактык жол тейлөө кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн аба-ырайы бир аз жакшырса тазалоо иштери аткарылат. Андан тышкары, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолу дагы бийик кардан улам жабык. Ошондой эле Каракол – Эңилчек жолунун… Кененирээк…

Бишкекте айрым линиядагы маршруттук таксилердин саны көбөйөт

Бишкекте айрым линиядагы маршруттук таксилердин саны көбөйөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аба-ырайы сууктап, коомдук унаага түшкөндөр көбөйгөнүнө байланыштуу Шаардык транспорт башкармалыгы коомдук транспорттун санын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Кеп, № 120, 195, 200 жана 106 маршруттар тууралуу болуп жатат. Андан тышкары буга чейин токтотулган №… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районунда жаңы бала бакча пайда болду

Ош облусунун Араван районунда жаңы бала бакча пайда болду. Юсупов айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 30 балага чакталат. Курулуш иштерине 3,5 миллион сом жумшалды. Каражат атайын долбоор жана жергиликтүү бюджет тарабынан берилди. Аймакта буга чейин  бала бакча болгон эмес. Курулуш иштери 2019-жылы башталып,… Кененирээк…

Энергетиктер уруксаты жок электр энергиясы менен үйүн жылыткандарды аныктайт

Энергетиктер уруксаты жок электр энергиясы менен үйүн жылыткандарды аныктайт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бул үчүн, ишкана кызматкерлери үйлөрдү кыдырат. Эгер электр энергиясын жылуулук үчүн колдонууга уруксат жок болсо, анда адистер электр жылыткычтарга пломба коёт. Мындай иштер суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясынын лимиттин чегинде пайдаланууну… Кененирээк…