Ысык-Көл облусунун Жети-Өзгүз районунун бийик тоолуу Ак-Шыйрак айылына
30 сантиметрге жеткен кар жаады. Аймактык жол тейлөө кызматынын маалыматы боюнча,
бүгүн аба-ырайы бир аз жакшырса тазалоо иштери аткарылат. Андан тышкары,
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолу дагы бийик кардан улам жабык. Ошондой эле
Каракол – Эңилчек жолунун бир бөлүгүндө кардын калыңдыгы 35 сантиметрге жетсе,
Түп – Кеген трассасынын Санташ, Каркыра айылдарына тиешелүү тилкесинде
45 сантиметр кар жатат. Жолду тазалоо иштери башталды.
Бул үчүн атайын техникалар тартылды.