Бишкектин медициналык мекемелеринин 90 пайызы жылуулукка кошулду.
Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришкендей,
47 оорукананын 42си жылуулук системасына кошулду. Ордо калаадагы
медициналык мекемелерди жылуулукка ушул жуманын
аягына чейин толук кошуу пландалууда.