“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүт Кыргызстанды камтыйт.
Бул тууралу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асель Кененбаева билдирди.
Анын айтымында, камералар Бишкек — Каракол, Бишкек — Нарын — Торугарт,
Кара-Балта — Жалал-Абад, Жалал-Абад — Өзгөн — Ош, Ош — Сары-Таш — Эркештам,
Суусамыр — Талас — Тараз, Ош — Баткен — Исфана трассаларында пайда болот.
Андан тышкары Бишкекке дагы 44 камера орнотулат. Долбоордун экинчи
этабын ишке киргизүү кийинки жылдын 10-мартына пландалууда.