Бишкекте айрым линиядагы маршруттук таксилердин саны көбөйөт.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аба-ырайы сууктап, коомдук унаага
түшкөндөр көбөйгөнүнө байланыштуу Шаардык транспорт башкармалыгы
коомдук транспорттун санын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Кеп, № 120, 195,
200 жана 106 маршруттар тууралуу болуп жатат. Андан тышкары буга чейин
токтотулган № 9 автобустун линиясы бир аз өзгөртүлүп, кайрадан иштеп баштады.