Жогорку Кеңешти шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлердин саны 145ке жетти.
БШКдан эскертишкендей, талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси
расмий жарыяланган күндөн баштап, добуш берүүгө 45 күн калганда, тагыраагы
13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Бул мөөнөт, кийинки шаршембиге туура келет.
Белгилеп кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда 54 депутат
партиялык тизме аркылуу тандалса, 36сы бир мандаттуу система боюнча шайланат.