КТРКнын мурдагы жетекчиси Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аны жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын
орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. Б.Алиев 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын
15-октябрына чейин КТРКнын башкы директору болуп иштеген. 2021-жылдын май айынан бери
социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев болчу. 9-октябрда ал
Социалдык фонддун төрагалыгынан кеткени белгилүү болгон.