Парламенттик шайлоого катыша турган эл аралык байкоочуларга чакыруулар жөнөтүлүп жатат

Парламенттик шайлоого катыша турган эл аралык байкоочуларга чакыруулар жөнөтүлүп жатат. Бул процесс тууралуу кененирээк БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.

 

Биз чакыруу бергенбиз. Бизге чет мамлекеттерден катыштыгы боюнча ниетин билдирип келип атат. Бардыгын каттайбыз, тиешелүү күбөлүк беребиз. Эми саны боюнча мен азыр так айта албайм, бирок биз ачыкпыз. Каалагандар келет, катышат. Мен ойлойм, 500 болот, балким 1000 болот. Мен так айта албайм

 

 Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы шайлоолор таза жана ачык өткөндүгүнө байкоо жүргүзүү үчүн чет мамлекеттерден атайын адистер чакыртылат.