Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны калктын 40 пайызы же 1,5 миллиондон ашык адам алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны калктын 40 пайызы же 1,5 миллиондон ашык адам алды.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында,

вакцина ала турган топко кирген жарандардын саны республика боюнча 2 миллион 249 миңди түзөт.

Бейшеналиев белгилегендей, биздин республикада учурда коронавирус боюнча эпидемиологиялык

кырдаал туруктуу. Эмдөө түйүндөрү жана көчмө бригадалар иштеп жатат. Эгер жаңы учурлар

көп катталса, биздин адистердин буга тажрыйбасы бар, — деп кошумчалады министр.