Кыргызстанда ар кандай даражадагы чиновниктер шайлоого аттангандыктан кызматтарын тапшырууда

Кыргызстанда ар кандай даражадагы чиновниктер шайлоого аттангандыктан кызматтарын тапшырууда.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алардын арасында айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жана башкалар бар.

 

Боршайкомдон эскертишкендей, августта өлкөдө жаңы Конституциялык мыйзам ишке кирди. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер шайлоого катыша турган болсо, милдеттүү түрдө ээлеген кызматынан бошотулушу керек. Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди.