Эртең, 19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу жок болот

Эртең, 19-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу жок болот.

Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин

Сыдыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы, Фучик жана темир жол линиясы менен

чектешкен аймакта, Кызыл-Аскер, Достук кичи райондорунда жана 110-кварталда

суу өчүрүлөт. Ошондой эле аталган аймактарга тиешелүү социалдык мекемелерде

дагы суу жок болот. Андан улам, жашоочуларга сууну запастап камдап алуу сунушталат.