Кытайлык келин үлпөт тоюнда жолдошу белек кылган 60 килограммдык зер буюмдарды көтөрө албай калды

Кытайлык келин үлпөт тоюнда жолдошу белек кылган 60 килограммдык зер буюмдарды

көтөрө албай калды. Timesnownews жарыялагандай, мындай өзгөчө учур Хубэй провинциясында

катталды. Жигиттин туугандары бир нече алтын билерик, ар бири бир килограмм болгон

10 алтын шуру белек кылды. Анын баарын тагынып алган кыз баса албай тойдо жолдошу

жөлөп-таяп жүрдү. Кошумчаласак, кытайдын салты боюнча, келин алып жаткан үй-бүлө

кудаларына 200 миң юань же 31 миң доллар жана бир батир бериши керек.