Кыргызстанга ушул айдын аягында Pfizer вакцинасы жана декабрда Moderna препараты
келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө Синофарм AstraZeneca жана QazVac вакциналары
жеткиликтүү. Андан улам, жарандарга эмдөөдөн өтүү сунушталат. Бүгүнкү күндө вакцина ала
турган топко кирген жарандардын 40 пайызы же 1,5 миллиондон ашык адам эмдөөдөн өттү.