Бишкекте ушул жумада аба-ырайы туруксуз болот

Бишкекте ушул жумада аба-ырайы туруксуз болот.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 21-октябрдан 24үнө чейин абанын

температурасы кескин төмөндөйт. Бейшембиде шамал болот, жумада

кескин суук каптап, жамгыр жаайт, кечинде кар түшөт. Ишембиге караган

түнү үшүк жүрөт. Жолдордо муз тоңот. Ал эми дем алыш күндөрү

кайрадан +10…15 градус жылуу болуп, аба-ырайы турукташат.