Мамлекеттик органдарга көмүрдүн баасын арзандатуу тапшырмасы берилди

Мамлекеттик органдарга көмүрдүн баасын арзандатуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин башчысы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

 

Анын айтымында, министрлер кабинети тарабынан мындай тапшырма Ички иштер министрлигине, Монополдукка каршы күрөшүү агенттигине жана “Кыргыз көмүр” ишканасына берилди.

 

Мамлекеттик органдар бул багытта иштерди күчөтүшү керек. Андан тышкары, мамлекет тарабынан көмүрдүн баасын жөнгө салуу киргизилгенден кийин 300дөн ашык бузуу катталганы айтылат. Айрым кара отундун сатуучуларына айыптар салынды.