Кыргызстанда бензин жетишсиз деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда бензин жетишсиз деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, май куюу станцияларында белгиленген суммага гана бензин куйса болот деген жок. Учурда мунай ташуучуларда отундун бир айлык запасы бар.

 

Эске салсак, буга чейин Бишкектин станцияларында бензиндин тартыштыгы жаралып, айдоочуларга 1 миң сомдон ашык эмес суммага отун кое берилип жатат деп айтылган.