Бишкектин дагы бир көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 12-16-ноябрь аралыгында Архитекторлор көчөсүнүн Профессор Зима менен кесилишкен жери убактылуу тосулат. 2 чакырымдан ашкан тилкеде асфальттын жаңы катмары төшөлөт.
Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Кыргыз жана Чүй-14 көчөлөрү сунушталат.