“Кыргыз темир жолу” россиялык компаниядан 100 даана үстү ачык вагон сатып алат. Анын 50сү үстүбүздөгү жылдын аягына чейин, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келет деп пландалууда, — дешти мамлекеттик ишканадан.
Белгилеп кетсек, буга чейин “Кыргыз темир жолу” өз каражатынын эсебинен 20 чакырым темир жолду оңдоо үчүн 2 миң 647 тонна темир рельстерин сатып алганы айтылган. Жакынкы арада рельстерди алмаштыруу иштери 148 жана Кыямат-Курколдун ортосундагы тилкеден башталат.