АКШда Apple компьютеринин алгачкы модели аукциондо 400 миң долларга сатылды

АКШда Apple компьютеринин алгачкы модели аукциондо 400 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалым болгондой, техниканы 1976-жылы компаниянын негиздөөчүлөрү Стив Возняк менен Стив Жобс гаражда чогулткан.

 

Кызыгы, 42 жыл мурда чыгарылган компьютер дагы эле иштеп жатат. Белгилеп кетсек, башында компьютерди 600 миң долларга сатуу пландалган.